<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><lyrics>[V1]
 Жашоо бул өткөргөн жылдар эмес,
 Жашоо жеңиш жыгылып биз турган кез.
 Оор күндөр,сыноо бизге келгенде,
 Жыгылбастан ишенимде өскөн кез.

[C1]
   Шектенүү, коркунуч эч качан болбосун,
   Тар жолдо күч берет Машайак.
   Ал менен жетебиз ыйык жай асманга,
   Ый болбойт кубаныч ал жакта.

[V2]
 Кыйынчылык дайым болсо дагы,
 Үмүт үзбөй асманга умтулалы.
 Жетелеп калтырбаган Атабыз,
 Кудай Теңир биз менен унутпайлы.

[V3]
 Сапар алдык биз бийик асманга,
 Бийиктикте бороон-чапкын дайыма.
 Сенин жашооң жеңиш болуш үчүн,
 Бекем, кайраттуу болгун бул сапарда.</lyrics>
<title>Жашоо бул өткөргөн жылдар эмес</title>
</song>